Аннотация

Макалада Манас эпосунда айтылып келген табыпчылык өнөрүнүн бүгүнкү күндө эл арасында колдонулуп, улантылып келе жаткандыгы каралат. Ошондой эле дары чөптөр менен дарылоо ыкмалары жөнүндө сөз болот. Эпосто элдик медицинанын өкүлдөрү болгон дарыгерлер же дарыгерлик функцияларды аткарган өзүнчө бир адамдардын социалдык тобу тууралуу да маалыматтар чагылдырылган. “Манас” эпосунда жогоруда айтылган дары заттар жана элдик даарылоо ыкмалардын көпчүлүгү бардык варианттарында кездешет.Кыргыз эли табият менен үзөнгүлөш түбөлүктүү өмүр кечирген элдик медицинаны колдонгону жалпыга маалым.Ошол көөнө - өтмүштө өмүр сүргөн ата- бабалардын урпагы саналган бүгүнкү кыргыздын өз алдынча мамлекет түзүп, дени сак улут аталуусуна элдик медицинасы (табыпчылыгы, дарыгерчилиги, эмчилиги, домчулугу, кыл тамырчылыгы, канчылыгы, каруучулугу, тилмечилиги, сыныкчылык илими) кылымдардан өтүп, кызмат кылуусу өзүнчө бир улуу сыймык. Ата-бабалардын бизге мурас катары энчилеп кеткен табып илими - азыркы учурда кыргыздын байыркы элдик медицинасы деген улуу аталышты аркалап турат.

Түйүндүү сөздөр: элдик медицина, этнография, табып, даары чөп, бейтап (оорулуу).

 National medicine and its reflection in the epic "Manas".
Annotation

 The article discusses the usage of culture discovery in the epic Manas, which is used nowadays too. It also describes the methods of treatment with herbs. The epic contains information about doctors or social group of people who perform about medical functions. Most of the drugs and national remedies mentioned above in the epic and found in all variants. It is well known that the Kyrgyz people used national medicine, which is lived in harmony with nature forever. It is a great privilege to serve for centuries. The science of medicine, inherited from our ancestors, it is known as the ancient Kyrgyz national medicine.

Keywords: national medicine, ethnography, healer, medicinal herb, patient.

“Манас” эпосунда элдик медицинага байланыштуу бир топ маалыматтар камтылган. Мында чагылдырылган ар кандай дары каражаттары кыргыз элинин байыркы турмушунда пайдаланылып келгендиги этнографиялык материалдар менен бышыкталып турат. Байыртадан берки келе жаткан элдик медицина тууралуу кыргыз элинин тажырыйбасы “Манас” эпосунда кеңири чагылдырылган. [1. 362-363-бб.]. Элдик медицинада адамды ар түрдүү дарылар, дары өсүмүмдүктөр (көбүнчө чөптөр), минералдык заттар, айрым жаныбарлардын этти жана ички органдары ж. б. дарылык касиети бар заттар менен айыктыруу жөнүндөгү маалыматтар элде чогулуп азыркы мезгилге чейин оозеки келип жетти. Биринчи ирээт буларга дарыгерлер, табыптар, илгерлер кирет. “Манас”эпосундагы табыпчылык кылгандарга бакшыларды, бүбүлөрдү ошондой эле ар кандай төлгөчүлөрдү (негизинен далчыларды) киргизсе болот.Тээ байыртадан баштап, орто кылымдарда элдик медицина өнүккөнү маалым. Мисалга, Мухаммед алейхи салам пайгамбарыбыз, Ибин Синанын, Абу Насыр Аль-Фарабинин эмгектерин айта алабыз. Алсак, Мухаммад пайгамбардын медицинасын деген китепте да дары өсүмдүктөр менен дарылоо ыкмалары берилет : жараларды жана ар түрдүү жарааттарды дарылоо боюнча пайгамбардын кеңештери берилген. [2. 14-б.] Орто кылым ойчулу Абу Насыр Аль-Фараби да өз заманында акылман ойлорунда (хикматтарында) табыпчылык маселесине кайрылган: “Табыптар кесибинин уюгу-адам денеси жана анын мүчөлөрү. Анын максаты-ошол мүчөлөрү үчүн керек болгон сактыкты камсыз кылуу жана аларды ооруп калуудан сактап калуу эсептелет. Табыпчылык үчүн зарыл болгон аракет-эгер киши соо болсо, анын соолугун улантуу, эгер ал ооруу болсо, оорусуун айыктыруу. Бул ишти аспапсыз жана каражатсыз амалга ашыруу мүмкүн эмес. Табыптар соолукту, ооруунун түрлөрүн аныктайт, жана ошол ооруулардын ар бири үчүн даары-даармек табышат. Табыпчылык өнөрү жети түрлүү билимди өз ичине алат:

1. Инсан мүчөлөрүн айрым-айрым үйрөнүү;

2. Саламатчылык абалы жана түрлөрүн алардын таасирленишин, өзгөрүүлөрүн билүү;

3. Түрлүү ооруулардын себептери жана алар менен байланыш болгон көрүнүштөрдү үйрөнүү;

4. Соолук жана ооруулуктун белгилери, себептери, далилдери да бут денеде, айрым мүчөлөрдө көрүнө турган ооруу белгилерин үйрөнүү жана билүү;

5. Жеңил жана татаал(оор) дарыларды билүү жана табыпчылык өнөрүндө иштетиле турган аспаптарды үйрөнүү жана иштете билүү;

6. Соо денеде саламаттыкты сактоо үчүн зарыл болгон мыйзам-эрежелер, аракеттерди үйрөнүү жана билүү;

7. Денеде сак-саламаттыкты тикелөө үчүн зарыл болгон мыйзам эрежелерди жана ошол аракеттерди билүү; - деп жазып кеткен.[3. 67-бет]

Кыргыз элдик медицинасында суу берүү, териге алуу, жылуу сууга салуу (арашан), ысыктоо, укалатуу, кан алуу, сүлүк салуу, тамыр кармоо ж. б. ыкмалар колдонулуп келген. Ошондой эле кыргыз элдик медицинасына тийешелүү болгон жаратылыш объектери жөнүндө да “Манас”эпосунда эскерүүлөр бар. Мисалы: мазар жерлерге баруу максаттарынын бири дарылануу болгон.

Муундан-муунга өтүп келаткан элдик медицинада колдонулуучу дары чөптөрдүн азыркы фармацевтик каражаттарга караганда зыяны азыраак деген ой кеңири таралган. Дары чөптөр түрлүү дартка даба деп эсептелет. Алардын айрым түрлөрү — организмге инфекция менен күрөшүүгө, башкалары тамак сиңирүүгө, нерв системасын тынчтандырууга, ичти жумшартууга же бездердин ишин жөнгө салууга жардам берет деп ырасташат.Чөптөр дарылык касиетке да, азыктык баалуулукка да ээ болушу мүмкүн.Даары чөптөр көптөгөн жолдор менен, алсак, демделип, же кайнатма, тундурма түрүндө, же компресс катары колдонулат. Чай катары даярдаганда, ага кайнак суу куюп, демдеп коёт. Дары чөптөрдү билгилеринин айтымында, чай катары демделген чөптөрдү кайнатууга болбойт. Ал эми өсүмдүктүн тамыр-кабыгынан дарылык касиетке ээ курам бөлүктөрүн чыгарыш үчүн, адатта, алар кайнатылат. Жалпыда кайсы бир дары чөп эч зыянсыз деп эсептелсе да, сак болуу зарыл .Кээде айрым чөптөрдү натуура колдонуу өлүмгө алып келет. Бул этият болуунун жана билген адиске гана кайрылуунун зарылдыгын көрсөтөт.

Азыркы учурда Кыргызстанда дүйнөдө сейрек кездешүүчү 3 миңге жакын дары чөптөрдүн түрү бар. Учурда мамлекет тарабынан көзөмөлдүн жоктугунан айрым сейрек кездешүүчү дары чөптөргө адамдардын аеосуз мамилесинен алардын түрү жоголуп кетүү коркунучунда. Адистердин айтымында, мамлекет тарабынан дары чөптөрдү кайрадан иштетүүчү ишкана ачылса киреше берүүчү тармакка айланышы ыктымал. Өлкө аймагындагы сейрек кездешүүчү дары чөптөрдүн түрлөрү жана анын ден-соолукка тийгизген пайдалуу жактары тууралуу Аламүдүн районундагы Таш дөбө айылындагы калыбына келтирүү, дарылоо жана курортология илимий изилдөө институтунун директору, медицина илимдеринин доктору Махмуд Султанмуратов буларга токтолот:

- Кыргызстандын аймагында бийик тоолу шартта өскөн дары чөптөр бар. Андан сырткары орто бийиктикте жана талаанын шартында өскөн чөптөр болуп бөлүнөт. Мисалы үчүн ”Эдельвейс” (Мамыры) деген чөп деңиз деңгээлинен эки жарым, үч миң метрден ашуун бийиктикте өсөт. Мына ошол чөптү Нарын облусундагы Эки Нарын деген жерде шырдактай болуп жыш өскөнүн көрдүм. Ал чөп көптөгөн ооруларды сакайтканга жарайт. Жаңы өскөндөн баштап, куураганга чейин үч технологиясы болот. Ал эми мумия дагы бийик тоо кыркаларында табылуучу зат. Анын составында не бир укмуш микроэлементтер бар. Аны сөөктүн сыныгына, ашказандын жарасына пайдаланса миңдин бири. Ошондой эле бизде онкологиялык ооруларга каршы колдонуучу уулу дары чөптөр бар. Мисалы үчүн, “Ысыккөл тамыры” деген уулу чөптү убагында чогултуп, атайын ыкма менен кургатып, өлчөм менен колдонсо ден соолукка пайдалуу. Көпчүлүк учурда айрым адамдар туура эмес пайдаланып, уулугуп өлгөн фактылар да кездешет.

Ал ошондой эле Ак кодол, Уу коргошун, Аркар от жана башка көптөгөн чөптөрдүн тамырынын дарылык касиеттерин атап кетет. Анын айтымында, учурда дары чөптөргө мамлекет тарабынан көзөмөлдүн жоктугунан көптөгөн сейрек кездешүүчү дары чөптөр жоголуп кетүү коркунучунда. Эгерде мамлекет дары чөптөрдү чогултуу үчүн атайын мекеме ачып, аны кайра иштетүүчү кичи завод курса, табийгый дары чөптөр акчалай пайда алып келүүчү тармакка айланмак.[ 4.С.7] 1988- жылдан бери белгилүү дарыгер Нарбеков Оморбай жетектеген элдик медицина боюнча “Бейиш” курортология илим-изилдөө институту бар. О.Нарбеков 700дөн ашык дары чөптөрдүн дарылоо ыкмаларын (газета Будь здоров.№ 3.26-27-бб) колдонуп келет. Арстанбек Алтымышбаевдин “Табигаттагы шыпаагердик күчтөр” деген китеби орус тилинде 1991жылы жарыкка чыккан.Дүйшөнбек Чомо уулу “Табыпчылык- улуу сыр”.Бишкектен 2008жылы жарыкка чыккан китептеринде элдик медицина жана табыптын өзүнүн тажрыйбасынан топтогон кеңештерине кайрылдык.

Биз сөз кылып жаткан “Манас” эпосунун саптарына кайрылсак, арбыныраак кездешкен дарылардын тобун эпикалык дарылар түзөт. Алар кайсы чөптөн же кайсы заттан жасалганы белгисиз. Мисалы: апы же үпү. Ал жалаң гана “Манаста” эле эмес башка кенже баатырдык эпостун саптарынан кездешет. Демек бул дарылар эл арасында кеңири колдонулган.Булардан тышкры “Манаста” кырма кызыл дары, кайнатма кара дары же кара дары же Кашгардын кара дарысы, Медет, себеп, жот дары, исеме дары, ак дары, оржемил-уулжан,барпы жана башка дарылары да бар.

Мисалы, Барпы -эпос боюнча кытай кандарын жашартып, узак жашатыш үчүн табыптар атайын даярдаган дары. С.Орозбаковдун вариантында аны даярдоо ыкмасы төмөнкүчө баяндалат.Эсенкандын буйругу боюнча табыптар элдин 11 жаштагы өтө сулуу уул –кыздары чогултуп бөтөн жан каптабаган ээн асем сарайда бир кыз, бир баладан жуп кылып багышат. Адегенде аларды күндүз бирге коюп, түн ичинде бөлүп кетип турушат. Күн өткөн сайын бири- бирине ашыктыгы күчөгөндө, аларды уламдан-улам сейрек кездештирип, аябай куса кылышат. Ошентип кыз-жигит 16жашка келип бири-бирисиз жашай албаган абалга келгенде дары чыланган таш карапага киргизип оозун бекитишет. Ашык болгон жаштар кучакташкан бойдон жан берет. Карападагы чыланган дарыдан денелери 3-4 жылда быламыкка айланып, андан падышалык Барпы дары жасалат.Алманбет кытайда аскер башы кан болуп турганда барпы даярдоого туткундалган балдар-кыздарды билип аларды бошотуп, кытайларга кыжыры келет. [5. ]Азыркы күндө тааптар кара барпы-уу коргошун болуп айтылат.Аны жанчып, койдун куйрук майынан кошуп ,бир сутка жай кайнатып, коюлангандан кийин капкара сагыз болуп калат.Аны барпы дары деп аташат да жүрөк, ашказан, ичеги оорууларына ичирип, ревматизмге сыйпап коет. Мындан сырткары өрмө кара деген чөптү сынык оорууларга пайдаланат.Ал өтө бийик тоолордо өсөт. [6.]

Дары чөптөрдөн “Манаста” уулжан аттуу чөптүн: “Уулжан берип ичинен эски дартын буздуруп”-деп, кайсы учурда пайдалана тургандыгы айтылып кеткен. Сагынбай Орозбаковдун вариантында да ушул эле дарынын улжемил деген формада айтылары кездешет. “Улжемил деген дарысын жутуп алды баарысын. Аккан каны басылып”.Эпосто согушта жарадар болгон баатырлардын уу, жутуп денесинен агып жаткан канды токтотушканы көп эскерилет:

Оржемил деген дарысын, Жутуп алды баарысын Аккан каны басылып, Айнектей көзү ачылып, Каары бойдон чачылып,[7. 60-б]

Эпостогу “Оржемил,Улжемил” - азыркы Уулжан чөп-элдик медицинада колдонулган дарынын бир түрү:

Кустурма берип кустуруп,

Күйүккөн экен ошо деп, Уулжан берип ичинен,

Эски дартын буздуруп, Жазылып жаткан андан көп.[8. 316-б].Уулжан-көп жылдык жапайы дары өсүмдүк. Дарылыкка тамыры колдонулат. Биздин республикабыздын бийик тоолуу райондорунда тактап айтканда Жалал-Абад облусуна караштуу Сары-Камыш, Кызыл-Суу, Майлуу-Суу тоолорунда кеңири ак топурактуу жерлерде өсөт. 50см ден 2см ге чейин тереңдике жайгашат.

Сентябрь, Октябрь айларында казылып алынат. Улукмандын айтканы : «Уулжан болсо уулум, кереч болсо келиним өлбөй калбайт беле »- дегендей уулжандын дарылык касиети көп ооруларга жагымдуу. Боор, ашказан, жоон ичеги, уйку бези, кант диабети жана дагы ички тышкы жараларга колдонулат.

Даярдалышы: кургатылган тамырды майдалап 1литр сууга 15гр. Уулжанды салып, 5-10 мүнөт кайнатып, бир күндө үч маал 200 гр. Тамакка чейин ичилет. Кайнатылган тундурмасын чаңкаганда ичсе чаңкаганды кандырат. Сырткы жараларга (ириңдүү) парошок түрүндө колдонулат. Жарааттын үстүнө сееп таңып коет.Дарыны оорулуу каксыз айыканга чейин колдонулат. [9. 82-бет.]

Эпосто чар дары деген да чөптөрдөн жасалган дары кездешет:

Алты-жети жан аяк,

Чар дары кылып жуткузса.

Казактардын эр Көкчө,

Умачтай көзү ачылды,

Ооруган жери басылды.

Чар дары бир нече дары чөптүн кайнатмасынан жасалган. Ошондой эле дары болчу 4-5 бөлөк тамырларды майда ийлеп аралаштырып чар дары жасашкан.[10.]Азыркы күндө да Кыргызстандын айрым жерлеринде чаар дарыны колдонуп келишет.Көбүнчө тамак-ооз ооруларына ,айрыкча жаш балдардын ооз көңдөйлөрү оюлуп (эзилип) кеткенге пайдаланышат.Мистенин дарагынан бөлүнүп чыккан чайырын алып талкалап, ага акак ташты күйгүзүп аралаштырып коюшат.[11.] Ошондой эле С.Орозбаковдун варианты боюнча ийсең, жуушаң атту дары чөптөрдүн аттары кездешет.

Ийсең, жуушаң чөбү бар,

Издегендин көбү бар.

Орол тоонун учу бар,

Ойлонсоң сонун ушулар.

Жуушаң” кыргыз тилинде иран тилдеринен кирген сөз. Эрмендин бир түрү болуп саналат.Азыркы медицинада ала, ич ооруларга колдонулат. “Эрмендүү жерде эр болбойт”-деген макал бар.Калк арасында аны 41дартка даба деп айтышат. [12. 117-бет.]

Эпосто айтылган кытайдын кырма дарысы, бул азыр колдонулуп келген мекер өсүмдүгү деп айтууга болот,анткени тамырын кырып алып жараларга сееп айыктырат:

Кытайдын кырма даарысын Кырып алган сарысын, Кайнатма кара дарысын Кайнатып салган сарысын.

Ала чуркап Күлчоро, Кырка коюп баарысын, Бирин ичке себишип, Бирин сыртан жабышып,...

Анткени элдик дарыгерлер азыркы күндө да мекерини кан токтотуучу жана жараатарды айыктыруучу каражат катары колдонушат.

Мекери- көп жылдык жапайы өсүмдүк .Өлкөбүздун бийик жайлоолорунда өсүп кеч бышат, айта кетерим мекери бышканда жылкынын соорусу жарыла семирчү экен. Медицинада тамырын таңып дарылыкка колдонгон. Өңү козу кулак өңдүү, жалбырагы кычкыл, жалгыз сабак, акбаш гүл алып өсөт, бою 50-60 см. Июль, август айларында жетилет, тамыры күрөн. Даамы кычкыл, анча чоң эмес.

Дарылыгы: Ичеги карындын сезгениши, он эки эли ичегинин жарасына, геморойго, нерв оорусуна, ошондой эле өт, ашказандын кычкылтегинин аздыгына чоң жардамы бар.

Даярдалышы: тамыры данын кургатып,талкалап ун кылып майдалап алып колдонулат.1л сууга 3 чоң аш кашык кошуп 5-7 минут жай отко кайнатып, 3маал 150-200гр. Тамак алдында ичиш керек бул бир күндүк норма.15-25күн ичип,10күн эс алып жана ушул сыяктуу 15 күн катар ичүү зарыл.Ушундай эле 12 эли ичеги жарасына 80гр балга(таза)300гр. порошок(уну), 10гр прополис (майдалап) кошуп аралаштырып 10 күн коюп, андан кийин ачкарын, жатаарда аралаштырып ичүү керек,10-15 күн же жара айыкканга чейин колдонот. [13. 93-бет. ]

Эпосто апийим туралуу да кабар бар. Мисалы: “Мажму ат-таварихтеги” Манаска уу берип, эс-учун билбей өлгөнү жатканда ага уунун күчүн тарата турган дарыны беришет. Ал дарыны Сейид Жалал ад-Диндин колдонгонун төмөнкүдөй сүрөттөйт. Манастын оозуна бир күндө бир тамчыдан куюп отуруп, 10 күн дегенде Манас көзүн ачат. Бул китепти орусчага которгон В. А. Ромодиндин түшндүрмөсүндө ал дары “тирьяк” деп аталат да, эки маанини билгизет: 1) уунун күчүн тарата турган дары; 2) апийим. Бул эпизоддо апийим катары түшүндүрүлөт. Манастын өз туугандары менен болгон бир согушта колго түшүп кеткен Төбөйдү таап, ага калмактар Сулунжеве деген кызын алып беришет.Аны Манасты уулантып өлтүрүп келүүгө жөнөтөт.Төбөй өзү менен кошо алып барган беш калмакты Манастын көз алдында мууздап ишеничине биротоло кирип алат да бир күнү Манас үчүн жасалган тамакка уу салып коет, билмексинип жатып алат.Ал тамакты жегенден кийин Манас куса баштайт, шекшинип калган Карнас Тобойду кыйнаганда, тамакка уу салганын мойнуна алат.Саид Жалалиддин Ангар төрөгө адам жиберип, ууга каршы “тарияк” деген даарыны алдырып, Манастын оозунан бир тамчыдан тамызып отуруп он күн дегенде араң айыктырат.

Эпостун саптарында жаныбарлардын этинен жана ички органдарынан даярдалган дарылар туралуу да баяндама берет. “Мажму ат-таварихте” эт, бал, арак дары катары колдонулганы сүрөттөлөт.

Бир эпизоддо Манас оор жарадар болот. Ошондо Кара кожо деген адам күнүгө кийиктин баласын алып келип, этин бышырып, бал менен кошо берип жатып Манасты сакайтат.

В.В.Радолов жазып алган вариант боюнча кашкулак эти, арак, бал дары катары колдонула тургандыгы айтылат.

“Манаста” кашкулак эти менен бирге кажырдын эти да элдик медицинада колдонулуп келгени эскерилет:

Кажырдын эти барбы деп,

Чуулганы андап көп.

Мумия дары момия,

Бар бекен деп кошундан.

Сурап жүргөн андан көп.

Мында кажырдын эти менен бирге момия(мумия) жөнүндө да айтылат. Момия же мумия деле жаныбарлардын, атап айтканда чычкандын бир түрү бөлүп чыгарган затка кирет.

Мумия-биологиялык табыгый продукт. Бальзам сымал жыты бар,кызыл, ак когуш, каралжын курон түстөгү түрлөрү белгилүү. Курамында органикалык жана органикалык эмес заттар гипнур жана бензой кислотасы,аминокислотасы, мом, өсүмдүк калдыктары бар. Элдик дарыгерчиликте б.а., сыныкка , бронха астмасы, учук, тамак сиңирүү органдарынын өнөкөт оорулары ж.б. кеңири колдонулат. Көптөгөн өлкөлөрдө кезигет. С.Орозбаковдун вариантында «Буту колу сынганга Момия дары издешип » эпосто «Момия» , «Мумия», «Мобия» делип сыныкты бат бүтүрүүчү дары катары байыртан эле колдонулганы айтылат. [14.116-б]

Ок (монгол тилинде кымыздан тартылган күчтүү арак, спирт)-элдик медицинада колдонулган дарынын бир түрү. Эпосто жарадар адамдарга жуткуруп, кайра кустуруу аркылуу ичке толгон кандан тазалангандыгы төмөндөгүчө берилет:

Жарадардын баарысын Жастык коюп башына, Ок жуткуруп окшутуп, Тинтуур менен түрткүлөп Бекиткен окту көпшүтүп [15. 824-б .138-бет]

Азыркы учурда биз колдонуп келген арактын, сарымсактын да даарылык касиети бар.Алар эпосто төмөнкүдөй :

Кары Бакай Кеменгер, Кара кулак шер этке, Кандыра эки тойгузган. Арак менен жуудурган Аруу менен буудурган Тарамышын аркардын, Майда туурап кууруткан Сарымсак менен Согонго Чылап туруп сугункан Кырма кызыл даарыны, Ичинен берген күчтүүлөп. Кайнатма кара дарыны Тышынан чапкан эптүүлөп Тал-тал кетип бөлүнгөн, Этин булап жымыйткан. Сөөгү ооруп сыздабай, Эти чирип суу акпайт, Өз жайында Семетей

Бакайдын Күлчорону дарылаганы: Өзү Бакай таабыпкер Жалгызек менен Канчоро, Шыпа кылып колуна Салып деп кудай онуна, Тайбуурулдун шыйрагы Буулум менен чырмады «Чиритпей өзү сактайт»- деп Алтындай шак-шак кылганы Каде менен оротуп Кан Бакайдын таңганы.[16. 180-б] Ошондо Манастын түшүнө Айкожо кирип, селдесин Манастын башына чалып, дем салып, кийиктин этин жегизет.Айкожонун уулу Каракожо болсо кийиктин чаарчыгын атып келип, анын этин балга кошуп берип, Манасты кадимки кубатка жеткирет. Манастын териси эки айдын ичинде жети жолу түлөйт.[17.38-40бб]

Бал- абдан улуу шыпагерлик илдетке эгедир, анткени ал вена кан тамырларында жана ичегилерде жыйналып калуучу (шылак ) калдыктарды жууп кетет. Андан сырткары, ал организмдеги ашыкча нымдарды (сууларды) кургатып, суусундук жана маз катары да пайдалуу: жашы улгайып калган адамдар үчүн жана былжыр (слизь), чыйрыгуу жана суук тийүү илдеттеринин азабын тартып жүргөн кишилер үчүн бал салыштыргыс чоң пайдалуу. Балдын азыктуулугу мыкты, ичегилердин (перистальтика ) деп аталган ийри- буйру жерлерин жумшартат жана бал оорудан сактоочу жакшы каражат да болуп эсептелет. Бал башка дарылардын ачуу даамын жумшартып, бөйрөктөрдү, көөдөн клеткаларын тазалап, заранын чыгышын оңойлотуп, жөтөлдү коштоочу былжырларды ээритип жок кылат. Эгерде балды роза гүлүнүн майы менен кошуп ысык боюнча ичсе, ал заар уулуу жаныбарлардын чагып кетүүсүнөн коргойт.Ооруларды жана опиумдун кесепеттерин да айыктырат.Суу менен аралаштырган балды ичүү кутурган иттин кабуусунан жана уулуу козу карындардын заарынан пайда болгон ооруну айыктырууга жардам берет. Эгерде жаңы этти балга салып сактаса анда эт өзүнүн тазалыгын үч ай бою сактап тура алат. Бал жана башка ооруларга пайдалуу болуп эсептелинет.

Эпосто Чексе –Чекселеп дары алынар (иран тилинен 5-6кг салмактагы оордук өлчөмдөгү туюнтурган термин) жөнүндө айтылат. Ал контекс боюнча караганда даары сала турган идиш (баштык, дорбо,чанач ж.б.) анча чоң эмес оордук өлчөмдөгү, балким өлчөмдүк ченди көрсөтүүчү идиш маанисинде айтылганы байкалат:

Алты жүз миң аскерден

Акылмандын баарысы, Чекседе белен даарысы Балбан баатыр барыптыр Көрдү көп аскердин баарысын

Аягы турган жерине Аябай төгүп дарысын. [ 18.43-бет]

Адамдардын дары өсүмдүктөрүн пайдалануудагы кылымдардан берки тажыйырбасы жаңы маалыматтар менен байып муундан-муунга өтүп келе жатат жана азыркы илимий медицинанын бирден-бир башкы негизи болуп саналат. Илимий медицинада көпчүлүк өсүмдүктөргө алардын практикалык пайдаланышына илимий негиз бергендиги үчүн элдик медицинага милдеткер.Кыргыз элдик медицинасында башкача бир өзгөчөлүк бар. Анын өзгөчөлүгү башка элдин медицинасында белгисиз болгон чөптөр жана ыкмалар бар экендигинде. Жергебиздеги дары-дармек өсүмдүктөрүнүн тобунун өзгөчө бөтөнчөлүгү алар Кыргызстандын гана флорасында өсүүчү табыгый өсүмдүктөр болуп эсептелет. Кыргыз табыптары оорулуу адамдарды, жаныбарларды дарылоодо өсүмдүктөрдү кеңири пайдаланган. Байыртыдан ата-бабаларыбыз элдик медицинада денинин сактыгы үчүн өмүр бою күрөшүп келген.

Колдонулган адабияттар:

1. Манас энциклопедия. 2 том. Бишкек, 1995. 362-363-бб.

2. Мухаммад пайгамбардын медицинасы. Бишкек.,2014.14-бет.

3.Байыркы орток түрк адабиятты Б.,1996.67-бет.

4.Практикум по лабораторным и полевым работам по лекарственным растениям Кыргызстана.КНАУ им К.А.Скрябина.Б. 2012.С.7

5. Манас энциклопедия. 2 том. Бишкек, 1995.

7.С.Орозбаков. «Манас».2т. Ф.,1984.60-бет.

8.Кол жазмалар фонду,572-инв.,516-бет. Манас энциклопедия. 2 том. Бишкек, 1995. 316-бет.

9.Дүйшөнбек Чомо уулу.Табыпчылык- улуу сыр.Б.2008,93-бет.

10. Манас энциклопедия. 2 том. Бишкек, 1995.

12.Дүйшөнбек Чомо уулу.Табыпчылык- улуу сыр.Б.2008,117-бет.

13Ошондо эле,93-бет.

14. Манас энциклопедия. 2 том. Бишкек, 1995. 116-бет.

15.С.Орозбаков, КФ,576-инв, 824-бет. Манас энциклопедия.2 том. Бишкек, 1995. 138-бет.

16.Ж. Мамай «Семетей » эпосу. Б.1995-ж.180-бет.

17.О. Сооронов.1503-жылы жазылган “Манас”Бишкек.,2003.38-40бб

18. «Манас» эпосу, С. Орозбаков варианты, II китеп, Б. 1995-ж.43-бет.

Информаторлор: Чоңотаева Жамила Чаткал району,Багыш айылы.

Нарбаева Пашан. Чаткал району.Ак-Таш айылы.